Жаңылыктар
ИИМдин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Биринчи май райондук ИИБнын тергөөчүсүнө карата опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын майору А.К.М. өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИБдин  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.

5-мартта ИИМдин Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын майору А.К.М. 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

А.К.М. пара талап кылган кылмыш ишинин алдын ала талдоосу кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү.

Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

УКМК бүгүнкү күндө коррупционерлерге реалдуу жазадан качууга мүмкүндүк берген жеңилдетүүчү нормалар жоюлганын, эми айып пул менен кутулуп, бир аз убакыттан кийин кызматка кайтууга мүмкүнчүлүк болбой турганын эскертет.

Кармалган А.К.М.  эч кандай жеңилдиктери жок, жасаган коррупциялык кылмыштары үчүн максималдуу катуу жазага тартылат.