Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн (7-мартта) Бишкектин Свердлов районундагы Алматы көчөсүндө автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрттөн төрт машине толугу менен күйүп кеткенин билдирди.
Өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү автоунаа тартылды. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Өрттүн себептери такталууда.
ӨКМдин буга чейин билдиргенине караганда, өлкөдө өткөн 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон.