Жаңылыктар
Нурсултан Назарбаев быйыл 76 жашка чыкты
Саясат
Нурсултан Назарбаев быйыл 76 жашка чыкты

Казак Парламенти “Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы Декларациясын” кабыл алышты. Бул документ Казакстандын жаңы тарыхындагы жетишкендиктерди камтыйт.

Бүгүнкү күн, 1-декабрь “Казакстандын тунгуч президентинин күнү” аттуу мамлекеттик майрам болуп саналат. Нурсултан Назарбаев быйыл 76 жашка чыкты. 50 жашында Казакстандын президенти болгон Нурсултан Назарбаев “Улут лидери”, “Элбашы” деген наамдарга ээ. Жылдан жылга эл бул наамга көнүп, президент деген сөздүн ордуна синоним катары колдоно башташты.

Нурсултан Назарбаевдин эң негизги жетишкендиги бул – эбегейсиз чоң аймакты ээлеген, этникалык куруму татаал, Россия менен чектешкен мамлекетте стабилдүүлүктү сактап калышы. Жакынкы эле тарыхты карай турган болсок, Казакстанда да ыңкылаптарга саясий жана экономикалык себептер болгон. Мисалы тенгенин үч жолку девальвациясы, чыныгы оппозициянын жоктугу, кезексиз шайлоолордун өтүшү, президенттик мөөнөттүн бир нече жолу узартылышы жана башка ушу сыяктуу көрүнүштөр. Башчылар үчүн маанилү касиеттердин бири – өнүгүүнүн жолдорун, булактарын алдын ала көрө билүү. Бул жагынан алганда 1994-1997 жылдар Казакстан үчүн абдан маанилүү жылдар болду. 1994 жылы Нурсултан Назарбаев Парламентте Акмолого борборду көчүрүү туралу айтып чыккан.

“1994 жылы парламентке борборду которуу жөнүндө жарыя кылуу бомбанын жарылышындай эле нерсе болгон. Мени акылынан тайган адамды карагандай карашкан. Бул жакта пенсия төлөй албай, маяналарды төлөй албай жатсак бул жаңы борборду көксөйт. Бул миллиарддаган чыгым да деп. Бирок так туулган күнүмдө сан жагынан бир аз гана ашык добуш менен депутаттар “бүгүн мунун туулган күнү экен, белек болсун, капалантпайлы. Эми борбор 40-50 жылдан кийин которулар, аңгыча биз болобузбу, кимдин бар жогун ким билет” деп добуш беришкен.

Бир жылдан кийин, 1997- жылы ошол эле депутаттар поездге отуруп, шампан ачып, кыяктын шаңдуу обону менен бияка көчүп келишкен.

Астананын идеясы эмнеде? Жаңы жаш мамлекет пайда болду. Болочогу бар идея бериш керек болчу. Чоң максат коюп, ошого жетип, мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн элге көрсөтүш керек болчу. Бул биринчиден. Экинчиден, мамлекеттин борбору өлкөнүн ортосунда болуш керек. Үчүнчүдөн Астана экономикалык өнүгүүнүн булагы, жаңы импульс. Казакстандын бүткүл жаңы күчтөрүн бириктирип, чогулта турган жер керек болгон. Бул жерден билим, маданият, саламаттыкты сактоо, жаңы технологиялар башталат. Ушу жерден жаңы интеллигенция, жаңы элита өсүп чыгат. Бул да өтө маанилүү болгон. Себеби адамдардын психологиясын таптакыр өзгөртүш керек болгон. Төртүнчүдөн – бул эң маанилүүсү – мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгын көздөш керек болчу”. 

Азыркы учурда Астана өзүн өзү актады десек жаңылышпайбыз. 2014-жылы толугу менен өзүнүн чыгашаларын жаап, 2015-жылы бюджетке 7,5 миллиард тенге төктү. Өлкөдөгү 16 региондун ичинен казынага акча берчу 4 гана донор регион бар, алардын бири Астана. 2016 жылы Астананын регионалдык дүң продукциясы мамлекеттин дүң продукциясынын 11 пайызын түзүп, Алмата менен Атыраудан кийинки 3–орунду ээледи. Астананын регионалдык дүң продукциясын ар бир тургунуна девальвациядан кийинки курс менен бөлсөк 3 500 доллар түзөт. Ал эми эски курс боюнча бул көрсөткүч 6 600 долларга га барабар эле. 2010 жылы Казакстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында биринчи болуп 56 мамлекеттен турган Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмуна төрагалык жүргүзүп, жылдын аягында бул уюмдун саммитин Астанада өткөздү. Айта кетчү нерсе буга чеин акыркы Саммит Стамбулда 1999- жылы, так айтканда 11 жыл мурун болуптур. Астанадан кийин ЕККУнун Саммити башка эч жерде өтө элек. Ошол эле 1997 жылы “Казакстан – 2030” атту өнүгүү программасы кабылданган эле. Бул стратегиялык документтин эң негизги максаты 2030- жылга чеин эң өнүккөн 50 өлкөнүн курамына кирүү эле. Ал кезде эл арасында Казакстан мындай максатка жетээрине көзү жетпей, сындап чыккандар да болгон.

Бирок 2030- жылга жепей эле, 2013 жылы Казакстан экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча көздөгөн 50 өлкөнүн курамына кирип кетти. 2013-жылкы Дүйнөлүк экономикалык форумдун “Дүйнөлүк экономикалардын атаандаштыка жөндөмдүлүгү” аттуу глобалдык отчетунда Казакстан 50-чу орунду ээледи. Тизимдеги 148 өлкөдөн биринчи оорунду Швейцария, экинчи оорунду Сингапур ээлеген эле. Россия ал жылы 53-орунду ээлеген, Кыргызстан болсо 108-орунда болгон. Азыркы Казакстандын негизги максаты – эми өнүккөн 30 өлкөнүн курамына кирүү. Бул максат азыр иштеп аткан “Стратегия-2050” документинде камтылган.

Нурсултан Назарбаевдин дагы бир өзгөчүлүгү бул белгилүү интеграциялык жоболорду ийгиликтүү ишке ашырганы. Азыркы ЕвразЭС тин моделдик жобосун Нурсултан Назарбаев эң биринчи жолу 1994 жылы сунуштаган. Ал эми СВДМАны, Совещание по взаимодействию и мерам доверия в Азии деп коебуз, Назарбаев 1992 жылы ООНдун 47 сессиясында айтып чыккан. Казакстандын азыркы өнүгүүсүнө Нурсултан Назарбаевдин «Болашак» аттуу эл аралык билим берүү программасы да таасирин тийгизди. Бул программа 1993 жылы, жумушсуздук күч алып, кедейлик кеңинен тарап, инфляция күчөп турганда уюштурулган. 1994 жылдан баштап дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине илим билим алууга жаштар жибериле баштаган. Бул күнгө чеин 12 000 казакстандык 34 өлкөдө жайгашкан алдыңкы 170 университетте окууга жана стажировкага стипендия алышты. Программанын жакшы жери, окуп келгендер аякта калбай Казакстан үчүн эмгектенип жатышат. Азыркы 35-40 жаштагы улуттук экономика министри, Алматанын акими жанан анын орун басары, Батыш Казакстан облусунун акими, Чымкенттин акими, Павлодар облусундагы акимдин орун басары, президент аппаратында иштегендер, ректоролор жана башкалар – мунун баары ушул Болашактын бүтүрүүчүлөрү.

Сөздүн соңун Нурсултан Назарбаевдин бирден бир глобалдуу жобосу ЭКСПО-2017 тууралу айтып аяктасак. Бул эл-аралык көргөзмө эмдиги жылы Астанада өтөт. Мындай укукту Астана шаары белгиялык Льеж шаары менен атандашып утуп алган. ЭКСПО – 2017нин темасы «Келечектин энергиясы». Ар бир ЭКСПО бир теманы тандаганы менен экспонаттар темадан бир кыйла кеңири болот. Адатта ЭКСПО көргөзмөсүн өнүгүүнүн алдында турган мамлекеттер өткөзүшчү. Биринчи гидравликалык пресс, атагы чыккан Кольт револьвери, биринчи  желим дөңгөлөк, биринчи электр телеграфы, цемент, подшипник, тамга терген биринчи машинка – мунун баары өз мезгилинде ЭКСПОдон биринчи жолу жарык көргөн. 1889 жылкы Париждеги ЭКСПОнун ачылышына Франциянын символу Эйфель мунарасы курулган. Башкача айтканда ЭКСПОго алдыңкы жетишкендиктер коюлат.

Кыргызстан үчүн Астанадагы ЭКСПОнун өтүшү абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Учурда атайын 174 гектарга ЭКСПО деп өзүнчө шаарча салынды. Көргөзмө 3 ай болуп ага 5 миллиондон ашык конок күтүлүүдө. 100 дөн ашык мамлекет өзүнүн жетишкендиктерин көрсөтөт. Милан же Абу-Дабиге бара албасак да 1200 чакырым алыстыкта жайгашкан Астанага барсак болот. Учурдан пайдаланып көптөгөн жарандарыбыз, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерибиз мындай масштабтагы көргөзмөнү көрсө, алардын өнүгүүгө болгон көз карашы, баалуулуктары алдыга карай дагы өзгөрөрүндө шек жок. Так ошол кезде «Көчмөндөр оюну» сыяктуу чоң иш-чараларды элибизде өткөрүп, ЭКСПОнун конокторун Ыссык-Көлгө чакырсак мамлекетке да, туризм тармагына да чоң пайда болмок.

Кайрат Жаманкулов, "Биринчи радио"