Жаңылыктар
Президент Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго эскертүү берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго эскертүү берди

Президент Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү бергенин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашканы үчүн оозеки түрдө эскертүү бергени айтылат.

“Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды”, - деп жазды маалымат катчы.

Айбек Шаменов 6-мартта Достук айылынын эли менен жолугушуп, аларды Бужум айылына караштуу Чет-Булак деген жерге көчүрүү чечими кабыл алынган. Жыйында айрым тургундар беш сотыхтан эмес, 10 сотыхтан жер берүүнү суранганда Айбек Шаменов анда мамлекет адамдарга үй салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган.