Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Ардактуу асылзат апалар!
Ажарлуу эже-карындаштар!
Кыргызстандын кымбаттуу айымдары!
Сиздерди жаз чакырган жаркын майрам – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул күн – аялзатынын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен келечек муунду тарбиялоодогу ордун жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымын баса белгилөөчү күн!
Эзелтен эле кыргыз эли аялзатын ажарлуу эже-карындаш, сүйүктүү жар, эң башкысы теңдеши жок мээримдүү эне катары баалап-барктап, урматтап-сыйлап келишкен. Бүгүнкү күндө да Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналган аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманат.
Кыргыз коомчулугунда аялзаты үйдүн куту, коломтонун ээси гана болбостон, билим, илим, маданият, экономика, саясат жана жаңы технологияларды өнүктүрүүдө дагы өзгөчө орунду ээлейт.
Айымдар – коомубуздун ажырагыс бөлүгү гана эмес, анын кыймылдаткыч күчү. Азыркы тапта ар тармактагы мекемелерди, ишканаларды ийгиликтүү жетектеп, инновациялык стартаптарды өнүктүрүп, Кыргызстанды эл аралык майданга таанытып, мамлекеттик башкарууга жана коомдун ишмердүүлүгүнө жигердүү катышкан кыз-келиндерибиз арбын.
Өлкөбүздө аялдардын экономика, саясат жана коом турмушуна батыл аралашуусун камсыз кылууга багытталган 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Программанын алкагындагы иш-аракеттер кыргыз айымдарынын дараметин ачуу, алардын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана карьералык жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Быйыл биз Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдык мааракесин сыймыктануу менен белгилегени турабыз. Маараке аркылуу кылым кыйырындагы кыргыз аялдарынын коомдук турмуштун бардык тармагындагы ири жетишкендиктерин даңазалайбыз.
Кымбаттуу айымдар!
Сиздерге тиешелүү мээримдүүлүк менен камкордук, акылмандык баам-парасат Кыргызстандын туруктуулугу менен өнүгүп-өсүшүн шарттайт. Мына ушундай асыл сапаттарыңыздар менен күн сайын өзгөрүп жаткан жаңылануу доорунда сиздердин ордуңуздар бийик. Келечек муунду тарбиялоодо, жаштарды турмуш жолунда ар кандай оош-кыйыштарды жеңип өтүүгө даярдоодо, ата-бабадан калган салт-санааны жайылтууда даанышмандыктын булагы катары сиздердин опол тоодой эмгегиңиздердин аркасында эртеңки коомубуз калыптанат жана өнүгөт.
Ошондуктан бүгүнкү майрам күнү мен сиздерге эң оболу бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт-таалай каалайм.
Ар бир күнүңүздөр кубаныч, эргүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартууласын!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!»