Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигиндеги кезектеги маегинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) саясаты жөнөкөй жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталганын баса белгиледи.
Мамлекет башчынын айтымында, мурда мамлекеттик ипотекалык кредиттер коммерциялык банктар аркылуу берилчү, бул болсо турак жайдын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келип, аны көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз кылган. Бул маселени чечүү үчүн мамлекет бюджеттик каражаттардын жана инвесторлордун колдоосу менен көп батирлүү үйлөрдү куруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууда.
— Саламатсызбы, бул жолу турак жай маселеси боюнча суроолорубузга жооп алсак. Тагыраак айтканда турак жай тартыштыгын жоюу багытында мамлекет кандай кадамдарга барууда? Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) ишмердүүлүгүндөгү өзгөчөлүктөр тууралуу сөз кылсак.
— Саламатчылык, макул.
— Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы түзүлүп, 2016-жылы алгачкы ипотекалык насыяларын бере баштаганы белгилүү. Бирок ал кезде компаниянын ишине ичи чыкпагандар көп болду. Бир убакта такыр эле насыя бербей калышты. Азыр да ошондой болуу тобокелдиги жокпу? Сиздер ипотекалык саясатты эмнелерге таянып өзгөрттүңүздөр эле?
— МИК негизинен туура түзүлгөн. Бирок ал кезде ичи чыкпагандар көп болгонунун себеби саясаты туура эмес болгон.
Биринчиден, пайызы абдан жогору болгон. Экинчиден, мөөнөтү абдан кыска болгон, 10 жыл.
Үчүнчүдөн, алдын ала батирдин баасынын 30 пайызын дароо төлөйсүң деген шарт болгон. Мындай шартта карапайым калк менен мамлекеттик кызматта иштегендер батир ала алышкан эмес. Ошол үчүн акыркы убактарда үй алгандар жокко эсе болуп калган. Бюрократия да абдан күч экен. Үй алуу жөнөкөй эмес. Абдан татаалдаштырылган. Ошондуктан карапайым калк, же мигрант болуп кеткен же жаңы конуштарга таптакыр шарты жок жер кепелерди салып жашап жүрүшкөн.
Мен 2021-жылы бийлик башына келерим менен дароо тапшырма бердим. Саясатын өзгөрттүм. Убактысын узартып, үй алуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрдүм. Албетте, мунун баарын мыйзамдарды өзгөртүү менен бекиттик. Эки жыл убакыт кетти. Мына эми азыр карапайым калк менен мамлекеттик кызматкерлер массалык түрдө үй ала башташты. Ипотеканын мөөнөтү 25 жылга чейин. Алдын ала баланча пайызын төлөйсүң деген шарт жок.
— Ошентсе да Мамлекеттик ипотекалык компанияга сын айткандар да жок эмес. Ошол эле Жогорку Кеңештин депутаттары МИК берген насыя батирдин чарчы метрине коротулган каражаттан кымбатыраак болуп жатканын айтып чыгышты эле?
— «Бышкан ашка сынчы көп» дейт кыргызда. Же балким түшүнбөстүк менен сындап жатышкандыр? Мен депутаттар үчүн эле эмес, жалпы коомчулук үчүн дагы түшүнүктүү болуш үчүн ийне-жибине чейин чечмелеп берейин. Мындан кийин сындагандар болсо аларды түшүнүп туруп эле тескери сүйлөгөндөр деп билсек болот.
Же шектүү шекшинет деген кеп. Мурдакы чоңдордой чөнтөккө иштеген заман жок. Ал заманды унутуш керек. МИКте ким жеке кызыкчылыктарын көздөсө жазаланат.
МИК өзү курулуш кылбайт. Өзү курулуш кылса дайынын таппай калат же бара-бара банкрот болушу мүмкүн. Курулуш өтө оор жана майда-чүйдө иштери көп.
Ошондуктан МИКти курулуш менен алек болууга тыюу салганбыз. Албетте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде курса болот. Бирок ошондо дагы курулушту толук бүтүрүү жоопкерчилигин жеке компаниянын мойнуна илиш керек.
— Бүгүн МИКтин саясаты кандай?
— Бүгүн МИК “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту «под ключ» бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатат.
Мисалы Чүй облусу жана Бишкек шаарында үйлөр бир чарчы метри 650 доллардан курдурулуп жатат. Ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында болсо 700 доллардан курдуруп жатышат. Себеби бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак.
Бул суммага жеке ири курулуш компаниялар макул болбой коюшуп, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы менен куруп жатабыз. Дагы 2-3 жеке компанияга суранып жатып курулуш иштерин тапшырдык. Анткени ири курулуш компаниялары «под ключ» 1000 доллардан кем эмес курабыз деп баш тартышты.
— Эмне үчүн жеке курулуш компанияларды жалдап жатабыз?
— Себеби мамлекеттик компания жалгыз жетишпейт. Анткени өлкө боюнча курулуштар массалык түрдө жүрүп жатат. Бир чарчы метрин жогорудагыдай бааларга куруп беребиз деген жеке курулуш компаниялар болсо МИКке келгиле. Курулуш иштерин бергенге даярбыз.
Ал эми эмне себептен элге бул суммадан кымбатыраак берилип жатканын түшүндүрүп берейин. Мисалы “Мурас” кичи районунда элге 750 доллардан берилди. 100 доллар МИКтин пайдасында калды. Калыш керек. Себеби МИК батир алган элди 25 жыл бою тейлейт, жумушчуларга эмгек акы берет, инфляция болот дегендей. МИКтин мындай үстүнө кошуусу үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Мисалы Бишкекте «золотой квадратта, престиждүү» райондордо болсо, албетте, 750 эмес андан кымбат болот.
Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн.
Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа.
Мисалы бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот. Мисалы Бишкектин «престиждүү» райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес) 2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан «под ключ» берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат.
— МИК массалык түрдө үлүштүк негизде ипотека бергенден улам бюджеттик кызматта кезекте тургандардын кезеги жылбай жатат деген да нааразы пикир бар.
— МИКтин башкаруу системасы толук санариптешкен. Кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушат. Эч ким бирөө-жарымды секиртип барып алдына коюп коё албайт.
Финансылык көзөмөл да электрондошкон. Эч ким акча уурдай албайт. Уурдаса баары бир кийин көрүнүп калат.
Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10 дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеген кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам «оптом» жыласыңар.
— МИКтин турак жай программасынын шарттары жакшырары менен андан батир алууну каалагандардын катары да кескин көбөйдү. Мамлекетте жакынкы келечекте үйлөрдү салуу планы кандай?
— Пландар жогорку деңгээлде, амбициялуу.
Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы бир миллиард долларга жетип калды. 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга жетет. Бул эзели түшкө кирбеген сумма.
МИК бардык кичи шаарларга, бардык райборборлорго көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндөн кийин айылдарга киришет. Кимде ким жаңы үй салабыз же эски үйлөрүн жаңылайбыз дешсе эски үйлөрүн бузуп салып, жаңы үйлөрдү салып беришет. Мөөнөтү 25-30 жыл. Келечектеги пландар мына ушундай.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев