УКМК тарабынан жүргузүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.
2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, максатсыз пайдаланылган.
2008-жылы инфраструктуранын социалдык объекттерин үчүнчү жактарга ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга карабастан, аталган бала бакча 0,89 га жанаша жайгашкан аймагы менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 28-февралында бала бакчанын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын эске алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.