Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында борбоондон улам ашууда калып калган 7 унаа куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 9-март күнү бороон аралаш жааган кардан улам Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолун кар күрткүсү пайда болуп, жолдо болжол менен 7 оор жүк ташуучу унаа калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан 3 жүктөгүч тартылган. Бүгүн, 10-мартта таңкы саат 05:30да унаа жол кар күрткүдөн толук тазаланып, жолдо калып калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган.