Жаңылыктар
Бир аптада 108 айдоочу мас абалында унаа башкарган
Кыргызстан жаңылыктары
Бир аптада 108 айдоочу мас абалында унаа башкарган

Өлкө аймагында 3-марттан 9-мартка чейин 23 миң 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-701;
  • Мас абалында унаа башкаруу -108;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -87;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3410;
  • Авто ээнбаштык -10;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4174;
  • Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14 482;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2561 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.