Жаңылыктар
Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы ашуулар ачык
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы ашуулар ачык

Бүгүн Нарын облусунун аймагындагы бардык унаа жолдордо, ашууларда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, кооптуу тилкелерине кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатат.

“№41-Жол тейлөө мекемесинин жолчулары Кызыл-Бел ашуусунда жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 306-346-чакырым аралыгындагы Оттук капчыгайынын ичинде иштеп, кум-туз аралашмасын чачып жатышат. Мындан тышкары жол боюнда чогулган ар кандай таштандыларды тазалап, таштанды төгүүчү жайга ташып жатат. Аталган жолдор ачык, каттам бар, - деди бөлүмдүн башчысы Кубан Токобаев. 

Ал эми Нарын ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынганын билдирип, жол тескөөчүлөр жол коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкек – Нарын -Торугарт жолунда иштеп жатканын маалымдады.

Жолчулар жана жол сакчылар кандай кырдаал болбосун айдоочулар  жолдо жүрүүдө жол эрежелерин, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, каршы тилкеге чыкпоого чакырат.