Жаңылыктар
Уурулукка кирген жерде уктап калган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Уурулукка кирген жерде уктап калган жаран кармалды

Токмок шаарында уурулук жасап жаткан жеринен мас болуп, диванга уктап кеткен шектүү кармалганын бүгүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 9-мартка караган түнү шаардын Жантаев көчөсүндө жайгашкан «Бакыт» кафесине белгисиз адам терезени сындырып кирген.

Шектүү зер буюмдарды жана башка мүлктөрдү уурдоого аракет кылган, ошондой эле видеокамералардын процессорун сындырып, алкоголдук ичимдиктерди ичкен. Натыйжада аталган кафеге 150 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 37, 205-беренелери (Уурдоо аракети) жана 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 9-мартка караган түнү «Бакыт» кафесинде сигнализация иштеп, мындан улам күзөтчүлөр келгени, короодо курулуш шаймандары, идиш-аяк, музыкалык аппарат баары бир жерге топтолуп турганы жана терезенин сынганы аныкталган. Кафенин ээси менен биргеликте ичине киришкенде, башаламандык жана ачылган сейфтин ичинен баалуу буюмдар жана акчалар жоголгону аныкталган. Андан соң залга киришкенде диванда мас абалындагы адам уктап жатканына күбө болушкан.

10-март күнү кылмышка шектүү, мурда соттолгон 1984-жылы туулган Т.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.