Жаңылыктар
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Тажикстандын президенти 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

“Бул сапардын алкагында сапардын статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. 

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө Ккелишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.