Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотека: Жакында дагы миңге жакын батир берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотека: Жакында дагы миңге жакын батир берилет

Жакында дагы миңге жакын батир берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди

“50% үлүш менен алган жарандардын кезеги жок. Бир эле шарты бар, акыркы үч жылдын ичинде жаранга үй, жер тилкеси катталган болбошу керек. Эгер машинасы болсо эч нерсе болбойт. 50% берип, калган 50% 15 жылда төлөйт. Айтып кете турган нерсе Мамлекеттик ипотекалык компанияда азыр кезек боюнча баары өз нугунда. Жакынкы аралыкта дагы миңге жакын батир берилет”,-деп билдирди Туманбаев.