Аймактардагы ипотекалык үйлөрдүн чарчы метри 700 доллардан бааланууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбуктагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, аймактардагы ипотекалык үйлөрдүн баасы Бишкек менен Чүйгө караганда 50 долларга кымбатыраак.
“Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына бардык курулуш материалдарды бир гана Бишкектен ташып барышат. “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жана куруп жаткан 3 компания бүгүнкү күндө материалдарды жеткирүү боюнча жол акысын эске алып, ипотекалык үйлөрдөгү батирлердин чарчы метри 700 доллардан деп чечим чыккан. Ал эми Бишкек шаары боюнча курулуш материалдары ушул жерден эле алынганына байланыштуу батирдин 1 кв. метри бардык шарттары менен 650 доллар, Баткен шаарында болсо болжол менен чарчы метри 750 доллардын тегереги болот”,-деп билдирди Каныбек Туманбаев.