Ош шаарында бүгүн эртең менен очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМден маалымдашты.
Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 09:11де Кыргызстандын аймагында күчү 5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош шаарында 5 баллга (Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө) чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.