Кыргызстан менен Тажикстандын 94-95 пайыз аймагын тоолор ээлген тоолуу өлкөлөр. Ошондуктан окшоштуктар көп, көйгөйлөрү да бирдей. Бул тууралуу “Рудаки” атындагы тажик коомдук бирикмесинин ардактуу президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору Абдухалим Раимжанов бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азияда Кыргызстан менен Тажикстан суу башында турган, сууга бай өлкөлөр. Андыктан энергетика тармагында кызматташтыкты кеңейтип, ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Абдухалим Раимжанов ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 4 жылдан берки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чек ара маслелесинин чечилиши менен кыргыз-тажик мамилеси чыңдаларын баса белгиледи.
Кыргызстанда азыр 60 миңден ашуун тажик тектүү жарандар жашайт. Алар негизинен Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында отурукташкан. Мына ошол тажик элинин тилин, маданиятын, үрп-адатын, улуттук кийимин сактап калуу максатында 1992-жылы “Рудаки” атындагы тажик коомдук бирикмеси тузүлгөн. Учурда өлкөдө кыргыз-тажик өкүлдөрүнөн куралган үй-бүлөлөр да арбын.
Кыргызстанга бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки күндүк мамлекеттик сапар менен келет.