Жаңылыктар
Курулушу башталган бардык обьектер ишке берилет
Экономика
Курулушу башталган бардык обьектер ишке берилет

Келерки жылдын соңуна чейин курулушу башталган бардык обьектер ишке берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. 

Эске салсак, парламент 2017-жылга республикалык бюджет жана соңку эки жылга болжолдор жөнүндө мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан талкуулады. 

Өлкөнүн 2017-жылга болгон башкы каржы документи социалдык тармакка ыктап, 50 пайызынан  ашыгы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоого багытталган. 

Ошентип, Жогорку Кеңеште  өкмөт тарабынан сунушталган республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлору  экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Жалпысынан алганда 2017-жылдын бюджети макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө менен  туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталып, бул ирет дагы социалдык тармакка ыктаган. Келерки жылы ички жолдор менен социалдык жайларды куруу иштери улантылып,  заманбап ветеринардык лабораторияларды салууга дагы кошумча каражат каралууда.

 Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"