Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 4 миң милиция кызматкери тартылып жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бул Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 12-13-март күндөрү Бишкекке жасачу мамлекеттик сапарына байланыштуу.
Бул күндөрү ордо калаанын айрым райондорунда маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип турат.
Бишкек шаардык милициясы шаар тургундарын жана конокторун мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.