Жаңылыктар
Нарында бир аптада 534 жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында бир аптада 534 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Нарын облусунун аймагында бир жума ичинде 534 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 35 автоунаа айып короо жайына токтотулду. Анын ичинен 6 айдоочу мас абалында унаа башкарган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Анын ичинен 121 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаганы, 202 айдоочу башка унааларга тоскоолдук жаратып, жол белгилерине баш ийбегени, 113 айдоочу коопсуздук куругун тагынбаганы жана 15 айдоочу унааны документи жок башкарганы үчүн кармалышкан.

Ошондой эле техникалык тейлөөдөн өтпөгөн, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузган, каршы тилкеге чыккан, транспорт каражаттарын мамлекеттик белгиси жок башкарган, жол чырагына баш ийбеген айдоочулар дагы аныкталып, тиешелүү протоколдор толтурулган.