Ошто 40 жаштагы киши 14 жаштагы баласы менен газга ууланып каза болгонун бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-март күнү Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган баласы ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып, ата менен бала Кашка-Суу айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.
Каза болгон 40 жаштагы жарандын атасы окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, маркумдардын жасатын соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Учурда текшерүү уланууда, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.