Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Тажикстандын лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратынын алдына келди.
“Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.
Президенттер бири-бири менен учурашты, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты, андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.