Президент Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты.
Иш-чара Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлдү
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.
"Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү пункттарына эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын жетекчилери жана орун басарлары катышты. Кыргыз тараптын докладынан кийин Президент Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин баштоого буйрук берип, андан соң кыргыз тараптан шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан соң Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин жандандырууга буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.