Жаңылыктар
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта, Бишкекте Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу Эмомали Шарипович,

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Айымдар жана мырзалар,

Бүгүн биз Тажикстан Республикасынын Президенти урматтуу Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен кабыл алып жатабыз.

Сапардын жүрүшүндө биз достук маанайда, баарын камтыган иштиктүү жана конструктивдүү негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелердин кеңири спектри кылдат каралып, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Урматтуу Эмомали Шарипович экөөбүз Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ар тараптуу чыңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүүлүгүбүздү ырастадык.

Мамлекеттик сапардын алкагында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин тарыхый маанисин белгиледик.

Мындан ары да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боордош эки өлкө менен элдин түбөлүк достугунун чек арасы болуп кала берерин билдирдик.

Биз саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлөрүн ырастайбыз.

Бул максаттарда Мамлекеттер аралык координациялык кеңештин, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин потенциалы толук өлчөмдө пайдаланылат.

Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри жетектейт.

Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты сапаттуу өнүктүрүү үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледик.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, Автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууга кол коюуну кубаттайбыз.

Биз Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын элдеринин этностук жана тилдик өзгөчөлүгүн сактоого, ошондой эле Тажикстан Республикасынын аймагында жашаган этникалык кыргыздарга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган этникалык тажиктерге, коомдук бирикмелердин жана улуттук маданий борборлордун ишмердүүлүгүнө алардын эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоо жана өнүктүрүү контекстинде жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөбүз.

Гуманитардык чөйрөдө кызматташууну ырааттуу кеңейтүү зарылдыгын белгилейбиз.

Бул багытта маданият, билим берүү, илим, спорт, туризм жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө байланыштар бекемделип, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий-аналитикалык уюмдар, достук коомдору, көркөм жана театралдык жамааттар аркылуу делегациялар менен алмашуу активдешет.

Биз өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин бардык спектри боюнча туруктуу негизде активдүү саясий диалогду улантууга макулдаштык.

Тажикстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын тарыхый жыйынтыктарын чоң канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Болуп өткөн баарын камтуучу кылдат сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошоруна ишеним билдирем.

Биз Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын боордош элдеринин кызыкчылыгында кыргыз-тажик мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү билдиребиз.

Тажикстан Республикасынын Президенти, урматтуу Эмомали Шарипович Рахмондун мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүшүнө оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.

Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат”.