Оштун Ноокат районунун тургуну, 17 жаштагы кыз быйыл 4-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан. Облустук милиция көп өтпөй ага издөө жарыяланганы тууралуу маалымат тараткан.
Ноокатта дайынсыз болуп жаткан кыз 8-март күнү Талас шаарындагы видеокамералардын бирине түшүп калганы байкалган. Мындан улам Талас облустук милициясынын кызматкерлери Ноокаттагы кесиптештери менен кызматташуу аркылуу облус аймагында издөө иштерин күчөткөн.
Ошентип күнү-түнү жүргүзүлгөн издөө иштеринин жана кайдыгер эмес жарандардын маалыматтарынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыз 13-мартта Бакай-Ата районунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Бул аралыкта кыз эмне кылып жүргөнү жана үйүнөн эмне үчүн чыгып кеткени боюнча маалымат айтылган жок.