Бишкекте 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлушун жылуу кабыл алдым, деп билдирди Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев.
«Дипломатия жана диалог аркылуу жетишилген бул маанилүү кадам Борбор Азияда жана анын айланасында да тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп өнүгүүгө жол ачат.
Биз бир туугандык мамилелерди жана аймактык ынтымакты чыңдоого багытталган бардык аракеттерди колдоого даярбыз», - деди ТМУ баш катчысы.
Түрк мамлекеттер уюму алгач 2009-жылдын 3-октябрында Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Адегенде Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте уюмдун аты Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлгөн. Уюмга 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан байкоочу катары катышып келет.