Жаңылыктар
Баткен: Достуктан көчүрүлө турган элге үй куруу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Достуктан көчүрүлө турган элге үй куруу башталды

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн Баткен районунун Достук айылынан көчүрүлмөкчү болгон эл үчүн турак жай комплексинин курулушуна старт берди.


Иш башкармалыктан билдиришкендей, Каныбек Туманбаев кечээ, 13-мартта тажик президентинин мамлекеттик иш сапары болгонун белгилеп, чек ара чечилгени тарыхый учур экенине токтолуу менен Достук айылынын элине чечимди туура кабыл алганы үчүн ыраазылык айтты:

- Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду. Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Достуктуктар үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак деген жерден ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат. Ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда.


Достук айылы Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик талкаланып, атайын план менен кайра курулган.

 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара тактоо келишимдерине ылайык, Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан анын ордуна кошуна өлкөдөн жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары дагы 30 гектар жер алып жатканын айткан.