Жаңылыктар
Мадумаров, Ташиев, Келдибеков үчилтигинин максаты эмнеде?
Саясат
Мадумаров, Ташиев, Келдибеков үчилтигинин максаты эмнеде?

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков биригишкенин жарыялашты. Келээрки жылы өтө турган президенттик шайлоого үчөөнүн арасынан бирөөсү гана талапкер болуп чыгат. Бийликти сындап келген оппозициялык маанайдагы бул саясатчылар биримдик бекем болооруна ишендирип жатышат. Саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн тандем түзүлүп эле келгени белгилүү. Бирок, ал канча убакытка созулаары өзүнчө маселе.

Биригип жаткандар саясий тажрыйбасы жетиштүү ишмерлер. Маанилүү мамлекеттик кызматтарды ээлеп турушкан. Бирок, ал учурларда иштеринде алешемдиктер болгону тууралуу айтылып келет Адахан Мадумаров менен Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары. Келдибеков мамлекетке келтирген зыяндары үчүн 10 миллион сом айып пул төлөгөн. Камчыбек Ташиев болсо мындан төрт жыл мурда ак үйдүн тосмосун аттаган таржымалы менен белгилүү.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"