Жаңылыктар
WhatsApp топторунун администратору кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
WhatsApp топторунун администратору кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Массалык башаламандык) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын жараны К.М.М. кармалды. Ал «Элге акыйкат керек», «Айта берем, кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу ой пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» аталышындагы  WhatsApp топторунун администратору болгон.

Тактап айтканда, К.М.М. аталган мессенджерде ар кандай топторду түзүп, республикадагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталг. 

Ошондой эле 2024-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык башаламандыктарды уюштурууга түздөн-түз тиешеси бар. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мөөнөттө К.М.М. WhatsApp аркылуу “Бирик кыргыз” жана “Манас атанын урпактары” топторун негиздеген, ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды тараткан.

К.М.М.га карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда жогоруда аталган топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

УКМК массалык башаламандыкка коомдук чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.