Нарын облусунун Ат-Башы районунда арашан койлордун республикалык жарменкеси өтүп, анда арашан тукумундагы койдун эң кымбаты 10 миң долларга бааланды.
Аталган жарманке сандан сапатка өтүү максатында райондук бийликтин демилгеси менен уюштурулуп, жалпы 500дөн ашуун кой көргөзмө сатыкка чыгарылды.
"Элди асыл тукум койлорду багууга кызыктыруу, малдын асылдуулугун көтөрүү максатында арашан койлордун жарманкесин быйыл биринчи жолу республикалык деңгээлде уюштуруп жатабыз. Бул жерден кардарлар бирден баш сатып алса дагы малынын сапатын көтөргөнгө салым кошкон болот. Азыркы учурда бир фермерибиз арашан асыл тукум чарба статусун алуу алдында турат," - деди Ат-Башы районундук айыл чарба департаментинин башчысы Кенжебек Качкынбаев.
Жарменкеге Ысык-Көл, Чүй облусунан, Бишкек шаарынан жана Нарын дубанынан фермерлер асыл тукум койлорун алып келишкен. Кардарлар көбүнчө 30 миң сомдон 70 миң сомго чейинки козу кочкорлорду сатып алышты.
Статистикалык маалымат боюнча, Ат-Башы районунда 270 миңден ашуун кой каттоого алынган. Анын ичинен 470 баш арашан багытындагы кой. Мындан тышкары Кочкор районунда 4 чарбада 800 кой, Жумгал районунда 1 чарбада 200 баш кой бар.
Арашан тукумундагы кой Гиссар жана кыргыз коюн аргындаштыруудан алынган. Бул пародадагы кочкорлорго суроо-талап жогору.