Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-мартта саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

  • темир жол тилкеси - М. Фрунзе көчөсү-Аламүдүн суусу - Панфилов көчөсү;
  • темир жол тилкеси - Матросов көчөсү - Горький көчөсү - Гвардейский көчөсү – Бектенов көчөсү - Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү - 7-апрель көчөсү.