Жаңылыктар
Төрт күндө кыргыз-тажик чек арасынан 5 миңге чукул адам өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Төрт күндө кыргыз-тажик чек арасынан 5 миңге чукул адам өттү

13-марттан 17-мартка чейин кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү бекеттеринен 4 891 миң адам өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.

Эң көп каттам «Кайрагач» постунда катталды – 3 755 миң адам. Кызыл-Бел аркылуу 659 адам чек арадан өтсө, 477 адам Кыргызстандан Тажикстанга аба жолу менен учуп кеткен.

Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Кайрагач” бекети Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын эки тараптуу өткөрүү пункту катары иштейт. «Кызыл-Бел» эл аралык өткөрүү пункту статусуна ээ жана Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн жеткиликтүү.

Эки өткөрүү пункту тең күнү-түнү иштөөдө. Бекет жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү да ташууну камсыздайт.

Кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан беш расмий өткөрүү пункту бар: Кулунду, Кызыл-Бел, Кайрагач, Карамык жана Бор-Дөбө. Азырынча Кызыл-Бел менен Кайрагач гана ачылып, калгандары этаб-этабы менен ачылары айтылган.