Жаңылыктар
Бакай-Ата районунун акими кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бакай-Ата районунун акими кармалды

Таласта Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК Талас облусунун Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы ("сугат айдоо" категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктады.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка Бакай-Ата районунун акиминин тиешеси бар экени аныкталды. Ал 11-мартта кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.