“Кыргызалтын” ААК 2024-жылы 17 млрд. 205 млн. 972 миң сом киреше тапты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 36% көп, ал эми 2019-жылга салыштырсак дээрлик 16 млрд 895 млн сомго көп.
Жылдар боюнча киреше:
- 2019 – 310 млн 492 миң сом
- 2020 – 1 млрд 236 млн 715 миң сом
- 2021 – 2 млрд 753 млн 724 миң сом
- 2022 – 5 млрд 560 млн 474 миң сом
- 2023 – 12 млрд 653 млн 714 миң сом
- 2024 – 17 млрд 205 млн 972 миң сом
«Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын филиалы 2022-жылдын аягында 200 миллион сомго жакын зыян тарткан. Компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын талдоосунун жана өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча комбинат учурда технологияларды модернизациялоо жана кенди иштетүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча заводдун кирешеси 400 миллион сомдон ашыкты түзгөн.
2024-жылдын сентябрында «Кыргызалтын» ААК алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөн ачкан. Кыска мөөнөттүн ичинде ишкана чендик куймаларын сатуудан олуттуу киреше ала баштады.
Компания 2024-жылы «100 өнөр жай ишканалары» улуттук программасынын алкагында Чүй облусунун Жайыл районунда өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу цехти ишке киргизген. Мындай цех мамлекет эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу салынууда. Ошондой эле, 2024-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Мироновское кенин иштетүүгө расмий түрдө киришкен.
“Кыргызалтын” ААКы 2025-жылы эки өнөр жай объектисин өндүрүшкө киргизүүнү пландоодо.
Учурда индиялык өнөктөштөр менен биргеликте Нарын облусундагы Солтон Сары кенинде алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика курулуп жатат. Ишкана ишке киргенден кийин 400дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт.
Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААКы Балыкчы шаарындагы автотранспорт ишканасынын филиалынын базасында транспорттук-логистикалык борбор ачууну пландаштырууда.
Бул транспорттук-логистикалык борбор экспедициялык-транспорттук ишканалар үчүн жайларды, ошондой эле жүк ташуучу унаалар үчүн токтотуучу орундары менен камсыздайт. Мындан тышкары, автотранспортторду оңдоо, ошондой эле бажы, брокердик жана башка кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда.
Ошондой эле, өзүнүн бүткүл тарыхында «Кыргызалтын» ААК биринчи жолу долбоорлоодон баштап кендин запастарын түзүүгө чейин өз алдынча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзө баштады. Учурда компания Баткен районундагы «Чакуш» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштерди 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.