Жаңылыктар
Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  4-беренесинин 10-пунктуна ылайык токтом кылынат:

1. Аддис-Абеба шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 4 бирдикке көбөйтүү маселесин чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.