Жаңылыктар
"Араван райондук автобекети" мамлекеттин балансына кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Араван райондук автобекети" мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК Араван айылынын  Ош-3000 көчөсүндө  жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук "Араван автовокзалын" мамлекеттин балансына кайтарды.

Тактап айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, Алар "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.