Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациядан өткөрүүнү кароодо.
Жыйындын башталышында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жыйын ачык-айкын, түз эфирде өтүп жатканын, аны өлкөбүздүн бардык жарандары көрө аларын билдирди.
“Жогорку Кеңештин бул жыйыны тарыхый жыйындардын бири. Анткени, биринчи маселе катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча ратификация маселесин карайбыз. Биргелешкен комитеттердин жыйынында ратификация 3 окууда каралгандан кийин кеңири талкуу менен пленардык жыйынга өтөбүз. Анан пленардык жыйында добуш беребиз. Ошондуктан урматтуу депутаттар, активдүү катышыңыздар, кеңири талкуу болот”, - деди төрага.
Жыйынга өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев баштаган комиссиянын бардык тийиштүү мүчөлөрү катышууда.