Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялады.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окууда бир карады. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бирөө гана каршы болуп, калганы макул деп добуш берди.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 1008,14 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды.