Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев Нарында Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев Нарында Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту

19-мартта Минкабдын төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Нарын шаарында III Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту.

Алгач ал айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүнүн беш багыты, тагыраагы ирригация, таза суу, сапаттуу үрөн менен камсыздоо, малдын асылдуулугун арттыруу, кооперативдерди түзүү, экспортко чыгуу, айыл чарба багытындагы окууларды уюштуруу менен тажырыйба алмашуу тууралуу маалымат берип, бул багыттагы маселелер боюнча акимдер, айыл өкмөт башчыларын жеткиликтүү иш алып баруу менен иш план түзүүнү тапшырды.

Төрөбаев жыйында Элдик курултайда делегаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин ар бирине токтолуп, аларды  чечүү жолдорун талкуулады. Курултайда Нарын облусунан айыл чарба тармагына байланыштуу 84 маселе айтылса, анын жарымы, же 41и ирригацияга байланыштуу болгон.

Канал, сугат суу, ички чарбалык каналдарга байланыштуу көйгөйлөрдү уккан министр айыл өкмөт башчыларынын ишин сынга алып, жеринде чече турган маселелер дагы бар экенин айтты. Аны менен катар эле ички чарбалык каналдарды суу чарба башкармалыктарынын балансына өткөрүп берүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

“Айыл чарба иштери суудан башталат. Суу болсо түшүм да мол болот, дыйкандардын киреше булагы көбөйөт. Негизинен ички каналдар каралбай көзөмөлсүз калгандыктан карапайым эл сугат суудан кыйналып калышкан. Акимдер, айыл өкмөт башчылары тез арада каналдарды, министрликтин балансына өткөрүшү керек. Ошондон кийин гана биз толук көзөмөлгө алып тазалоо, бетондоо, капиталдык курулуш иштерин  баштайбыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.