Эрмекбай Омошев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Омошев Эрмекбай Алянович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.
Эрмекбай Омошев буга чейин Ысык-Ата районунун акими болуп иштеп келген.
Манас районунун мурдагы акими Досмамбет Жээнбеков мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык кызматтан бошотулган болчу.