Жаңылыктар
Сыртан келген азыктар текшерүүсүз чек арадан өтүүдө
Экономика
Сыртан келген азыктар текшерүүсүз чек арадан өтүүдө

Сырттан Кыргызстанга келип жаткан продукциялар техникалык регламенттин талабына жооп бербейт. 

Анткени, бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келип жаткан азык-түлүк продукциялары эч кандай текшерүүсүз чек арадан өтүп жатат. 

Мунун айынан өлкөнүн соода түйүндөрүнө көзөмөлдөн өтпөгөн азыктар сатылууда. Бул тууралу өткөрүлгөн кереге кеңеш учурунда айтылды. 

Бажы биримдигине кирген  мамлекеттердин продукциячларындагы маркировка мамлекеттик жана расмий тилде  жазылуусу тийиш.

Бирок, эмнегедлир мамлекеттик тилде жазылган маркировкага  маани берилбей келгенин кереге кеңештин жүрүшүндө айтылды.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"