Президент Садыр Жапаров 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен барарын бүгүн өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат.