УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында криминалдык чөйрөдө "Потап" лакап аты менен белгилүү болгон жаран кармалды.
Шектүү "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбек менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында К. Асанбектин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.
Мындан тышкары ал криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.
2025-жылдын 13-мартында чогултулган материалдардын негизинде шектүү кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №21 мекемесине киргизилген.