УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорун кармады.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А., жаран Я.к.Ж.дан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы боюнча маалымат алынган.
Ошентип Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.