Жаңылыктар
«Кыргызтелеком» ишканасынын жеткчилигине кылмыш иши козголду
Кылмыш
«Кыргызтелеком» ишканасынын жеткчилигине кылмыш иши козголду

Мыйзамсыз түзүлгөн келишимден улам өлкөгө 275 миң  доллар  зыян  келтирген  деп  айыпталууда. Ал арада эки тараптуу сүйлөшүулөрдүн  жыйынтыгында  интернеттин баасы мурдагы калыбына  келтирилгендиги  айтылууда.  Бирок, бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин бүтүмүндө, буга чейин интернеттин баасынын негизсиз көтөрүлгөндүгү белгилүу болду. 

Эске салсак, буга чейин Казакстандын интернет провайдерлери, Кыргызстанга, тышкы интернет-каналдын баасын жогорулатуу жөнүндө кабарлаган. Кийинчерээк, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тарифтерди кайра кароо келишимине жетишкен. Маселе, парламенттин комитетинде, андан кийин өкмөттө да талкууланган. Эгерде "Кыргызтелекомдун" жетекчилиги интернет провайдерлер менен макулдашып алып, интернеттин акысын көтөргөн факты далилденсе, тиешелүү  кызмат адамдарына  укуктук баа берилерин  айткан . 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"