Өлкөдө узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай аба ырайы унаа жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.