Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен барып, IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катыштыңыз. Биз Сиз менен жылуу, достук маанайда жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кытай-кыргыз мамилелери жана ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик.
Мен бул макулдашуулар натыйжалуу ишке ашырылып жатканына кубанычтамын, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку сапаттагы кызматташтык барган сайын тыгыз болуп, дайыма жакшы натыйжаларды берип жатат.
Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана терең достугубузду баалайм, Сиз менен эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнү илгерилетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.