Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
"Бул биздин элдерди кылымдар бою достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоо салттары менен байланыштырып, жаратылыштын жаңылануусун символдоштурган жаркын майрам. Бул жаз майрамы элдерибиздин тилектештигин бекемдеп, кубанычын жана бакубаттуулугун арттырсын.
Нооруздун баа жеткис баалуулуктары мамлекеттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган бийик максаттарга жана идеалдарга жетүүгө өбөлгө болот деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.