Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Кылымдар бою боордош элибиз бул маанилүү жана даңазалуу күндү чоң салтанат жана кубаныч менен белгилеп, жакшы ниеттерге, жакшы пландарга жана максаттарга жетүү үчүн бирге эмгек кылган.
Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулук, ынтымак жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк кеңейип баратканына биз абдан кубанычтабыз.
Сиз менен боло турган алдыдагы жогорку деңгээлдеги диалогдорубуздун жана биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин жыйынтыгы боюнча биз өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуубузду элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы деңгээлге чыгарабыз деп бекем ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы жеңиштерди, ал эми боордош кыргыз элине - тынчтык, бакубаттуулук жана мындан ары гүлдөп-өнүгүү каалады.