Жаңылыктар
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Нооруз түрдүү элдердин жана маданияттардын ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоодо негизги ролду ойнойт. Бул жаркын майрам азыркы дүйнөдө гуманисттик сезимдерди жаратууга жана бекемдөөгө дем берүүчү үмүттүн символу болуп саналат”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана боордош Кыргыз Республикасынын элине бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтерди каалады.