Жаңылыктар
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Чоң толкундануу жана кубаныч менен белгиленип келген бул майрам миңдеген жылдар бою жердин ойгонушун, жаратылыштын жаңылануусун жана адамзаттын жанданышын билдирет. 

Тамырлаш, түбү бир жана бай улуттук-руханий баалуулуктардан негиз алган Азербайжан менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.